Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктан бир адам каза болду

Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктан бир адам каза болду

Кечээ, 24-июлда Ош шаарында саат 18.00 чамасында жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус кагышкан. Кырсыктан «Дэу-Тико» унаасындагы 3 адамдын бири 25-30 жаштардагы жүргүнчү каза тапкан.

Окуя боюнча учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>