Ошто мурда соттолгон адамдын үйүнөн 1,5 млн сомдук зер буюмдар табылды

Ошто мурда соттолгон адамдын үйүнөн 1,5 млн сомдук зер буюмдар табылды

Ошто мурда соттолгон адамдын үйүнөн 8 паспорт жана 1,5 млн сомдук зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июлда Ноокат РИИБине Ош шаарынын тургуну зер буюмдар сатылган дүкөнүн тоноп кетишкендигин айтып арыз менен кайрылган. Ал уурулар 150 миң сом жана алтын буюмдарды алып кеткенин айткан. 

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айылынын  мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалган.

Анын үйүн тинтүүгө алганда короосунда жыйылып турган кыштардын арасынан 8 даана паспорт, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта табылган. 

Ал эми үйүнүн жертөлөсүнөн болжол менен 1 миллион 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

«Азыр далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда”, — деп кабарлашты басма сөз кызматынан. 

[su_image_carousel source=»media: 37026″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>