Ошто өз жанын кыюуга аракет кылган келин «чындык издеп чарчадым» дейт

Ошто өз жанын кыюуга аракет кылган келин «чындык издеп чарчадым» дейт

Буга чейин Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган 35 жаштагы аял окуянын чоо-жайын айтып берген. Келин блогер Акжол Адыл уулу менен баарлашканын super.kg жазды.

Келиндин айтуусунда, экинчи жолдошунан уулун ала албай жатат.

«Биринчи жолдошумдан 4 балам бар. Руслан Жураев экинчи жолдошум. Андан бир кыз, бир уулум бар. Экинчи жолдошум Руслан Жураевден кичүү баламды ала албай жатам. Күйөөмдөн таяк жеп, кичүү баламды алдырып жибердим. Баламды көрүүгө барсам кайын атам кол көтөрдү. Кайненем «балаңды өткөрүп бер» деп коркутту. Мени бул абалга Жылдыз Кадырова аттуу жактоочу алып барды. 1 жарым жашар баламды жолдошума тарттырып жиберип ала албай жүргөм. Жактоочум менден «балаңды кайтарып берем» деп 50 миң сомдой акча алып, кийин чалсам «балаңды бербейт. Эмне кылсаң кыл, керек болсо өлүп ал» деди.

Эл мени баласын сатып үй алган деп айыпташууда. Анткени алар Кара-Суудагы үйүмдү жолдошум берди деп түшүнүшүүдө. Ал өзүмдүн үйүм. Чындык таппай айлам кеткенде өз жанымды кыюуга аргасыз болдум», — деди келин.

Жолдошу Руслан Жураев баласын бербей турганын, ага өзү кам көрөрүн билдирген.

Ош: 35 жаштагы келин 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды (ВИДЕО)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош суицид

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>