Ошто селсаяк өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн 151 жайга издөө жүрдү

Ошто селсаяк өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн 151 жайга издөө жүрдү

Ош шаарында селсаяк өспүрүмдөргө жардам берүү багытында атайын рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Буура жана Сулайман-Тоо милициясынын 52 кызматкери, социалдык өнүгүү башкармалыгынан, экология, техникалык коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жана билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда “Селсаяк” рейдди өттү.

Иш-чаранын алкагында аймактагы селсаяк өспүрүмдөр чогулат деп болжолдонгон 151 жай (устакана, соода түйүндөрү, базар, вокзалдар, унаа жана темир жолстанциялары, унаа жуучу жайлар, жаны курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр ж.б.) текшерилип, анын негизинде 77 өспүрүм кармалып, 42 бала ата-энесине тапшырылган.

Ал эми 32 өспүрүм тийиштүү мекемелерге жеткирилип, социалдык уюмдарга 3 бала тапшырылган. Алардын ичинен 24 өспүрүмгө байланыштуу материалдар топтолуп, Ош шаардык мэриясынын балдар комиссиясына маалыматтар жиберилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>