Ошто турак жайдан өрт чыгып 38 жаштагы адам каза тапты

Ошто турак жайдан өрт чыгып 38 жаштагы адам каза тапты

Ош облусунда турак жай өрттөнүп, түтүнгө ууланып 38 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 20-январда Ош облусуна караштуу Араван районунун Төлөйкөн айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыккан. Анда үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>