Site icon Reporter.kg

Ошто заманбап спорт комплекс курулууда

Ош шаарынын Манас-Ата (ХБК) кичи районуна заманбап спорт комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаадык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Курулуштун капсула салу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба Рузбехани, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы шаарда спорт тармагына көңүл бурулушу керектигин айтып, спорт комплекстин ачылышына чейин спорт сарайга келүүчү жолдор да асфальттала турганын билдирди.

Спорт комплекстин курулушу 2020-жылдын март айына бүтөрү пландалууда.  Волейбол, баскетбол оюндары өтүүчү залда 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулат. Машыгуучу залдардан тышкары жуунучу жайлар, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат.

Курулушка берилген жер тилкенин аянтты 5170 м2 түзөт.

Exit mobile version