Ошто жаш кыз 37 жаштагы кишини сайып өлтүрдү — сүрөт

Ошто жаш кыз 37 жаштагы кишини сайып өлтүрдү — сүрөт

Кечээ, 28-сентябрда Ош шаарынын С.Касымбеков көчөсүндө жайгашкан «Кенч» кафесинин алдында 37 жаштагы адамдын бутуна миздүү нерсе сайылып, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин «Турмуш» жазды.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, саат 02:55те Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Ош шаарынын «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта азият улутундагы, болжол менен 35-40 жаштагы адам сол бутунан белгисиз миздүү нерсе менен сайылып кесилген жаракаты менен келип түшкөнү айтылган. Бул маалымат ШИИБдин электрондук журналына, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн 1-пунктундагы кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө сол бутунан жаракат алган жаран Кара-Суу районунун тургуну — 1984-жылы туулган Ш.М. экени жана көп кан жоготконунан улам ооруканада каза болгону аныкталган. Окуя болгон жерге башкармалыктын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта кызыл кочкул түстөгү тактар бар экени аныкталган. Маркумдун кызыл кочкул тактары бар ак түстүү футболкасы, көк түстүү жинсы шымы жана ак түстөгү бут кийими далилдер катары алынды.

Каза болгон Ш.М.нын денесин соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо учурунда анын бутунун өйдөңкү ички бөлүгүндө жаракат аныкталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында күбө катары каза болгон Ш.М.нын жанында болгон досу А.С. жана окуяга күбө болгон жарандар — Б.М., Ч. уулу Н., А. уулу А., жана С. уулу Н. суралды. Алардын айтымында, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө «Кенч» кафесинде маркум Ш.М. менен отурган С.Р. (кыз киши) жана Р.А. (кыз киши) сөз талашып уруша кетип, кафеден сыртка чыгышкан. С.Р. мас абалда Ш.М.нын бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу сайып жибергени аныкталган.

Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну — 1999-жылы туулган С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>