Ошто жашы жете элек балдарга уюштурулган рейдде 20 өспүрүм кармалды

Ошто жашы жете элек балдарга уюштурулган рейдде 20 өспүрүм кармалды

Ошто түнкү клубдарда жана оюн-зоок мекемелеринде жашы жете элек балдарга карата рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында “Кароосуз Калгандар” аталышындагы профилактикалык иш-чара башталды. 15-марттан 17-мартка чейин өтө турган рейдде шаар аймагындагы түнкү клубдар, оюн-зоок мекемелери текшерилип, жашы жете элек балдар аныкталса үй-бүлөсүнө же туугандарына кайтарылып берилет.

Иш-чаранын жүрүшүндө 20дан ашык оюн жайлар, кальян барлары, кароосуз калган жер төлөлөр менен чатырлар, жылуулук трассалары менен гараждардын бөлүктөрү текшерилип, жашы жете элек 20 өспүрүм укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>