Ошто жоокер аскерден качып Өзбекстанга бараткан жеринен кармалган

Ошто жоокер аскерден качып Өзбекстанга бараткан жеринен кармалган

Ош шаарында жайгашкан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына караштуу № 36806 аскердик бөлүгүндө мөөнөттү аскер кызматын өтөп жаткан жоокер аскердик бөлүктөн качып кеткендиги айтылууда.

Маалыматка караганда, Э.А. аттуу жоокер өзү билемдик менен аскерде кызмат өтөөдөн баш тартып,  чек араны мыйзамсыз кесип Өзбекстанга бараткан жеринен кармалган. Аны коңшу өлкөнүн чек арачылары кармап, Кыргызстанга өткөрүп берген.

Ош шаардык сотунун чечими менен Э.А.га карата аскердик бөлүктө көзөмөл астында кызмат өтөө чечими кабыл алынган.

Бул факты боюнча толук маалымат алуу үчүн Башкы штабдын басма сөз кызматчысы Гүлзат Жарашовага кайрылганыбызда буларды айтты.

“Бул боюнча толук маалымат бере албайбыз. Бирок бул окуя кечээ же мурунку күнү эле болгон окуя эмес, ал боюнча соттун да чечими чыккан. Демек бул окуяга бир топ эле убакыт болгон”, — деди Жарашова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>