Ошто жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ошто жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-апрелде Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу бүтүп, ачылышы болду. Ага саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышып, кызыл тасмасын кести.

“100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган”, — деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаал Ош шаарында курчуп бара жаткандыгын билдирген саламаттыкты сактоо координатору эрежелерди так сактоого чакырган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>