Оштогу жана Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерге 36 «Тез жардам» унаасы берилди

Оштогу жана Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерге 36 «Тез жардам» унаасы берилди

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы медициналык мекемелерге «Ислам өнүктүрүү банкынын» көмөгү менен алынган «Тез жардам» автоунаалары тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 16-17-январда министр Алымкадыр Бейшеналиев аймакка иш сапар менен барды. Ош облусундагы ооруканаларга 26, Жалал-Абад облусундагы ооруканаларга 10 автоунаа бөлүштүрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Ислам өнүктүрүү банкы» жардам иретинде Кыргызстанга 66 «Тез жардам» машинесин сатып берет. Мурдараак Ысык-Көл облусуна 9 автоунаа берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>