Site icon Reporter.kg

Осло-2021: Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште алтынды молдовалык Виктор Чобану га тарттырып жиберип, күмүш байгеге татыды.

Ал 60 килограмм салмакта грек-рим күрөшү боюнча ат салышты.
9:3 эсеп менен оюн аяктады.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн алгачкы медаль болду.

Жоламан Шаршенбеков «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында так ушул балбанга чейрек финалда жеңилип калган болчу.

Exit mobile version