Отунбаева президент Жээнбеков менен жолукканын тастыктады

Отунбаева президент Жээнбеков менен жолукканын тастыктады

Экс-президент Роза Отунбаева өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын тастыктады.

Ал президент менен эмне тууралуу сүйлөшкөндүгүн 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Отунбаева Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө укугу жок экендигин айткан.

«Мен ага азыр кете албай тургандыгын айттым. Моралдык себептерден улам гана эмес, биринчи кезекте Сооронбай Жээнбеков өз элине, республикага, мамлекетке, кыргыз элине кызмат кылууга ант бергендиги үчүн. Азыр ал тескерисинче баарыбыз үчүн, өлкө үчүн ишенимдүү темир калкан болушу керек», деди Отунбаева.

Экс-президенттин айтымында, мамлекет үчүн ушундай оор кырдаалда президенттин ролу болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат.

«Президент республиканы укуктук талаага кайтаруу боюнча берген убадасын аткарууга милдеттүү. Кырдаал өзгөрүлүп жатат, эми Сооронбай Жээнбеков бизди укуктук талаага гана кайтарып бербестен, биринчи кезекте мамлекетти Конституциялык каналга кайтарууга милдеттүү», -дейт Отунбаева.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген болчу.

Учурда жарандык коом президенттин кызматтан кетүү боюнча айткан сөзүнө турушун талап кылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>