Өзбекстан коронавируска эмделбеген жарандарын жумуштан алууда

Өзбекстан коронавируска эмделбеген жарандарын жумуштан алууда

Өзбекстанда август айынан бери коронавируска каршы эмделбеген 26 миңден ашык жаран убактылуу жумуштарынан бошотулган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик жана менчик субъектилерде 28 миңге жакын текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 50 миң кызматкер вируска каршы вакцина ала электиги маалым болгон. 2225 учур боюнча айып пул салынып, 179 объект ишин убактылуу токтоткон.

Өткөн жумада Ташкент облусунда эле 3200 киши коронавируска каршы эмделбегени үчүн кызматтан алынганы кабарланган.

Августта президент Шавкат Мирзиёев иш берүүчүлөргө вакцина алуудан баш тарткан кызматкерлерди жумушка чыгарбоого укук берген мыйзамга кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>