Өзбекстан: Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү күнү белгиленди 

Өзбекстан: Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү күнү белгиленди 

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого добуш бере тургандар 14-20-октябрь күндөрү өз добушун берсе болот. Мындай чечимди Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы кабыл  алды. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мөөнөтүнөн мурда добуштарын берүү үчүн жарандар өзү жашаган жердеги шайлоо тилкелерине арыз менен кайрылыш керек. Ошондой эле жашаган жеринен шайлоого катыша албай тургандар да ушул жол менен шайлоого катышса болот.

Өзбекстанда 24-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага Максуд Ворисов, Алишер Кадыров, Нарзулло Обломуродов, Бахром Абдухалимов, Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>