Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда азык-түлүк товарлары кескин кымбаттоодо

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө азык-түлүк товарларынын баасы бир жылда 14,4%, акыркы он айда 7,3% өскөн.

Статистика комитети бул 2019-2020-жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу аз көрсөткүч экенин билдирди. 2019-жылы азык-түлүк товарлары 19,5%, 2020-жылы 17% жогорулаган.

Расмий мониторингге караганда, октябрда азык-түлүк баасы орто эсеп менен 1,9%, күнүмдүк тиричилик товарлары 1,1%, кызмат көрсөтүү акысы 0,5% көбөйгөн. Ушул тапта Өзбекстанда инфляциянын деңгээли 10,6%.

11-ноябрда Өзбекстандын бир катар банктарында доллардын наркы жогорулаган.

Өзбекстандын коммерциялык банктары 1 долларды 10 710 (84,40 сом) сумга сатып алып, 10 770 (84,87) сумга сатууда. Бул жаңы максималдык чек.

Алмаштыруу курсунун буга чейинки рекорду дээрлик эки ай мурун белгиленген. 16-сентябрда 1 доллар 10 760 сумга чейин көтөрүлгөн.

Exit mobile version