Site icon Reporter.kg

Өзгөндө жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Ош облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жазы дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болгон (1965-ж.т. Т.Б. жана 1965-ж.т. М.А.).

Жерине 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургандар тарабынан маркумдардын жансыз денелери унаа чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып беришкен.

Exit mobile version