Парламентте англис тилин бала бакчалардан тарта киргизүү сунушталды — видео

Парламентте англис тилин бала бакчалардан тарта киргизүү сунушталды  — видео

Бала бакчадан же 1-класстан тарта англис тил сабагын киргизүү керек. Мындай сунушту бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов берди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда бала бакчада жана мектептерде негизги сабактар кыргыз жана орус тили сабактары экенин билдирди.

«Ал эми англис тили сабагы кошумча ийрим катары берилет. Англис тили сабагы 3-класстан башталат жана 5-класстан тарта көбүрөөк саат бөлүнөт. Үч тилди киргизүүгө окуу программалары ылайыкталган», — деди Жусупбекова.

Эл өкүлү балдардын кабыл алуу сезими күчтүүрөк болуп турган учурда англис тилин киргизүү керектигин Билим берүү министрлигине сунуштады.

«Бала бакчадан тарта англис тилин киргизүү керек. Себеби биздин учурда 6-класстан тарта кирген. Ошол себептен биз жакшы үйрөнө албай калдык», — деди Нурдинов.

Надира Жусупбекова  өкүлү бул сунушту министрге жеткире турганын айтты.

Жыйында майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>