Парламентте футбол боюнча курама командага мамлекеттен каржы бөлүү маселеси көтөрүлдү

Парламентте футбол боюнча курама командага мамлекеттен каржы бөлүү маселеси көтөрүлдү

Кыргыз футболунун жаңы барагы ачылып жатат. Мындай пикирин бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал футбол боюнча улуттук курама командасы Кыргызстандын желегин желбиретип, башка өлкөгө таанытып жатканын айтты.

«Дүйнөдө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Эмоцияларды алып келүү менен жашоонун кызыгынын бир бөлүгү болууда. Биздин футболчулар Мьянма, Монголиянын командалары менен беттешип, элдин сүйүнүчүн байкадык. Мамлекет четте турбай, элдин сүйүнүчү менен бирге болушу керек. Мамлекет каражат жагынан футбол боюнча  улуттук курама команданы колдоо зарыл. Өкмөт Футбол федерациясына 2016-жылы эле көңүл бурган. Алардын бюджети 70 млн, 20 млн өздөрү табышыптыр, эми 50 млн сурап жатат. Биз жардам берели», — деди Төрөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>