Парламентте Кыргыз-Өзбек чек арасында ишкерлер малдын этин алып өтө албай жатканы айтылды

Парламентте Кыргыз-Өзбек чек арасында ишкерлер малдын этин алып өтө албай жатканы айтылды

Кыргыз-Өзбек чек арасында эки мамлекеттин ишкерлери малдын этин алып өтүүдө көйгөй жаралып жатат. Ал жакта ветеринардык өткөрүү пункту жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев билдирди.

«Кыргыз-Өзбек чек арасында «Маймак» өткөрүү пунктундагы чыккан кырдаал боюнча ишкерлерге тоскоолдук жаралып жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда малдын эти менен иштешүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн. Тилекке каршы, аталган өткөрүү пунктунда ветеринардык пост жок болгондуктан малды алып өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бул маселе өкмөт башчы Ала-Букага иш сапары менен барганда ишкерлер кайрылып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшкөн. Бирок маселе чечилбей эле турат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлердин маселесин чечүү убадасын бергенден кийин бул ишти жөнгө салышы керек», — деди Турсунбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>