Парламентте Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом экени айтылды

Парламентте Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом экени айтылды

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзамд долбоору каралууда.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев баяндамасында, фонддун ишин оптималдаштыруу жана ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү максатында, чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты.

Сунуштамалардын үстүндө үч топ иштеди: биринчи топ – тарифтер менен пенсиялык саясат боюнча, экинчи топ – аскер адамдарынын пенсиясы боюнча, үчүнчү топ – пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча.

«Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу жаатында 4-5 сунуш бар, алар тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бул маселе жыйынтыкталган соӊ, парламенттин кароосуна өзүнчө сунуш киргизебиз», — деди ал.

Медер Ирсалиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом экенин айтып, 400 сом менен пенсияга чыккандар бар экенин маалымдады. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>