Парламентте Маданият — Жалал-Абад жолунун абалы боюнча маселе көтөрүлдү

Парламентте Маданият — Жалал-Абад жолунун абалы боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда спикердин орун басары Мирлан Бакиров Маданият-Жалал-Абад жолунун оңдоо иштештери аягына чыкпай, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратууда экенин билдирди.

«Маданият—Жалал-Абад жолу 67 чакырым, анын ремонт иштери жанданып, 5 пайызы аткарылыптыр. Аталган жолдун жалпы сметалык баасы 72 миллион доллар. Анын 60 миллион доллары кредит, ал эми 12 миллион доллар өкмөттүн салымы. Акыркы эки айдан бери иш таптакыр токтоп турат. Жол чаңдабасын деп күндө суу чача берип, чаңы кетип, ташы чыгып калды. Бул жолдун оңдоо иштерин баштап, аягына чыгаруу керек. Анткени бул стратегиялык жол. Ал жактагы автоунаалардын абалы дагы жакшы эмес, эл чаң жутуп жатат», — деди Бакиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>