Парламентте саламаттык сактоо министрин жумуштан алуу сунушталды

Парламентте саламаттык сактоо министрин жумуштан алуу сунушталды

Жогорку Кеңештин отурумунда бир топ депутаттар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан четтеттүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Мирлан Жээнчороевдин айтымында, министр кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуп, 400дөй адамга менен уу-коргошунду берип жатат.

“Саламаттык сактоо министри элдин саламаттыгына коркунуч келтиргени үчүн, кылмышты жасоого үндөгөнүнө, көптөгөн мыйзамдарды бузганына, өзүнүн милдетине кирбеген нерселерди жасаганына, кыргыз илимин жана анын аброюн дүйнө элине төмөндөткөнүнө, Кыргыз өкмөтүнүн аброюн түшүргөнү үчүн жумуштан четтеттүү керек”, — деди Жээнчороев.

Ушундай эле сунушту парламенттин бир топ депутаттары айтып, Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматына татыктуу эмес экенин билдиришти.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев министрди жумуштан алып коюу оңой экенин, ошол эле учурда аймактарды кыдырып иштеп жатканын, мындан улам ага мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>