Парламентте жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда пикир алышуу начарлап баратканы айтылды

Парламентте жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда пикир алышуу начарлап баратканы айтылды

Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү катышууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам мында жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгиледи.

“Кесиптик бирликтер өзүнүн тарыхы бар, коомчулук турмушунда ээлеген орду бар коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Ошондон улам, жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктары кыйла такталып берилди”, — деди ал.

Баяндамачы кесиптик бирликтеринин иш-аракетин талдоо жыйынтыгы көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөткөнүн, кесиптик бирликтердин иш-аракетинде бирдиктүү саясат болбой жатканын айтты.

“Кесиптик бирликтердин борбордук бирикмеси тармактык жана аймактык бирликтер менен ырааттуу иш жүргүзбөйт, бирликтер менен алардын мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилиги жок. Жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда социалдык пикир алышуу начарлап баратат. Мындай абал коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизүүдө”, — деп кошумчалады ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>