Парламенттик көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат

Парламенттик көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат

Бүгүн, 1-февралда парламенттик көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.

Жогорку Кеӊеште жаӊы өкмөттүн курамын түзүү маселеси каралып баштады.

Буга чейин өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жалгыз карала турганы маалым болгон.

Марипов 2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын жетектеп келатат.

Марипов буга чейин бир топ жооптуу кызматтарда иштеген.

Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган. Атасы да райондук оорукананы көп жылдан бери жетектеп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>