Паспорт тендери боюнча Алина Шаикова литвалык компаниядан 20 миң доллар алганбы?

Паспорт тендери боюнча Алина Шаикова литвалык компаниядан 20 миң доллар алганбы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаикова литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынан 20 миң доллар алгандыгы тууралуу сөз болгон видео интернетке тарады.

Видо тасмада аны “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам айтып, электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде Шаикова литвалык компаниянын кызыкчылыгын коргоогондугу тууралуу баяндап берет.

Аталган видео боюнча УКМК үн катып, Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын видеосуна атайын кызматтын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Кийин сынактын башка катышуучулары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

Андан кийин УКМК өз иликтөөсүн баштап, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаевди камакка алган. Киийн алар тергөө менен кызматташууга макулдугун беришкен соң, соттун чечими менен үй камагына чыгарылышкан.

Ушул эле паспорт тендериндеги жаңжал боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кеткен.

Ал эми  Мамкатоонун мурдагы төрайымы Алина Шаиковага иш козголуп, УКМК ага 5-августта издөө жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>