Патрулдук милициянын унаасы 61 жаштагы пенсионерди сүзүп кетти

Патрулдук милициянын унаасы 61 жаштагы пенсионерди сүзүп кетти

Бишкек шаарында 22-январда саат 10:00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде Патрулдук милициянын унаасы 61 жаштагы аялды сүзүп алды. Аял жолгон чуркап чыга калган», — деп маалымат берди милициядан.

Кызматкерлер аялды дароо ооруканага жеткиришкен. Унаа айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>