Пирматов: Тажикстанга өтүп жаткан күйүүчү майдын аткезчилигин токтотуу керек

Пирматов: Тажикстанга өтүп жаткан күйүүчү майдын аткезчилигин токтотуу керек

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Тажикстанга өтүп жаткан  күйүүчү майдын аткезчилигин токтотууну айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мындай кадам менен коңшу өлкөгө экономикалык сокку жасап, аларды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүгө мажбурлоого болот.

Пирматов ошондой эле 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек экенин баса белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>