Порошенко мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартып, Украинадан үй-бүлөсү менен чыгып кетти

Порошенко мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартып, Украинадан үй-бүлөсү менен чыгып кетти

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу «Украинская правда» интернет басылмасы ишенимдүү булагына шилтеме берип жазганын «Марал» жазып чыкты.

Маалыматта Порошенко мамлекетик күзөт кызматынан баш тартып,  үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кеткендиги жазылат.

«Анын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү мурунку жумада Украинадан чыгып кеткен. Үй-бүлөсүнүн калган бөлүгү өзү менен чогуу ушул жекшемби күнү Стамбулга учуп кетишти», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалымат булактары Порошенконун мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартканын да жазышкан.

Белгилей кетсек, 31-мартта жана 20-майда Украинада 2 жолу президенттик шайлоо болуп,  30-майда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 73, 22 %ынын колдоосу менен расмий түрдө Зеленскийди жеңүүчү деп таап, Порошенко жеңилип калган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>