Премьер-министр эки жарандын мыкаачылык менен сабалуу фактысын тыкыр иликтөөнү талап кылды

Премьер-министр эки жарандын мыкаачылык менен сабалуу фактысын тыкыр иликтөөнү талап кылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан эки адамдын мыкаачылык менен сабалышы боюнча фактыны тыкыр иликтеп, акыркы чараларды көрүүнү тапшырды.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, Абылгазиев ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.

[su_quote]Ырайымсыздыгы менен таң калтырган, эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок.[/su_quote]

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.

 Белгилей кестек, үрөй учурган окуя 28-август күнү  саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагы “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында болгон.

Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович экенин аныкталып, милиция аларга издөө жарыяланган.

Ленин райондук прокуратурасы мушташтан кийин шектүүлөрдү милиция кызматкерлери алып кеткенин аныктап, аларга кылмыш ишин козгогон.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>