Үстүбүздөгү жылда кесибине байланыштуу 49 журналист өлтүрүлгөн

Үстүбүздөгү жылда кесибине байланыштуу 49 журналист өлтүрүлгөн

Учурда дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баяндамасына ылайык, камактагы журналисттердин саны боюнча Кытай (130), Египет (36) жана Сауд Арабия (32) өлкөлөрү алдыда. Орусияда учурда алты журналист түрмөдө отурат.

Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн. Бул мурдагы жылга караганда эки эсеге аз. Алардын бир аз бөлүгү гана куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда курман болушкан.

Мындан тышкары быйыл 57 ЖМК кызматкери барымтага алынган. Алардын бирөөсү Украинада, калганы Сирия, Йемен жана Ирак өлкөлөрүндө уурдалган. Учурда булардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

Баяндамага ылайык, 2019-жылы журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр Мексика, Сирия, Ооганстан, Пакистан жана Сомали болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>