Президент чек ара чырында курман болгондорду аза күтүү менен эскерди

Президент чек ара чырында курман болгондорду аза күтүү менен эскерди

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-майда мамлекет башчысынын өлкө элине кайрылуу жасоо иш-чарасында президент Садыр Жапаров жана бул иш-чаранын катышуучулары Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Мамлекет башчы кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан  окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

Ал тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгилеп, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деди Садыр Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>