Президент маркум Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды (сүрөт)

Президент маркум Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды (сүрөт)

Бүгүн, 6-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Маркум Үсөнбек Ниязбек Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник болчу. Ал  7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон.

Өлкө башчы Үсөнбек Ниязбеков бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи.  Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун айтты.

Президент Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды.

Үсөнбек Ниязбековдун апасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоосун билдирди. Өктөм Мамаева Мамлекет башчысына Кыргызстан элинин бакубатчылыгы үчүн жемиштүү иштөөсүн каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>