Президент менен жолугуп кеткен түрк ишкери Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айтты

Президент менен жолугуп кеткен түрк ишкери Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айтты

24-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг провинциясынын Соода жана өнөр-жай палатасынын президенти Асилхан Арслан менен жолугушту. бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Элчи Өмүралиев курулуш, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактардагы конкреттүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырган. Мындан тышкары, ал өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажы алымдары жок, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, буга байланыштуу Кыргызстанда өндүрүш ачууну сунуштады.

Элазыг Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Арслан 13–14-майда TOВВ делегациясынын курамында Бишкекке иш сапары менен барып келгенден кийин түрк ишкерлери Кыргызстанда келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айткан. Соода жана өнөр-жай палатасынын башчысы жакынкы аралыкта бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыгып, конкреттүү долбоорлор ишке ашырылышына ишенимин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>