Президент министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарын дайындады

Президент министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарын дайындады

Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Айбек Жунушалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ал буга чейин Айбек Жунушалиев министрлер кабиненитинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Белгилей кетсек, «Репортёр» өздүк булактарына таянуу менен Артём Новиковдун ордуна Айбек Жунушалиев дайындаларын маалымдаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>