Президент Оренбургга жетти. Аны коштоп кимдер кетти? (тизме)

Президент Оренбургга жетти. Аны коштоп кимдер кетти? (тизме)

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Оренбург шаарына барды.

Оренбургда Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтүүдө.

Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Орусиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.

Кыргызстандан өлдкө башчыны коштоп кеткен делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>