Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын төрайымын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын төрайымын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 16-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жж. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү боюнча маселелер талкууланды.

Шайлдабекованын маалыматына караганда 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрында өтөт. 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>