Президент: Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе

Президент: Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган.

Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоорду 2020-жылы аяктоо болжолдонууда, анын арты менен 4 миңге жакын жергиликтүү жашоочулар таза ичүүчү суу менен камсыздалышат.

Өлкө башчы таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе экендигин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>