Президент Ысык-Көлгө кумаркана жайын ачууну колдой турганын билдирди

Президент Ысык-Көлгө кумаркана жайын ачууну колдой турганын билдирди

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады. Билдирүүнү президенттин басма сөз кызматы таратты.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы „кара пиар“ жасап жатышат», — деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунда казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Жалпысынан 91 эл өкүлү добуш берди. Алардын 68и «макул», 23ү «каршы» деп добуш берди.

Кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>