Президент жергиликтүү сотторго 9 судьяны дайындады

Президент жергиликтүү сотторго 9 судьяны дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков 9 судьяны дайындады. Буга чейин өлкө башчы айрым талапкерлер менен баарлашкан. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу  менен Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган 17 талапкердин 9 талапкерине макулдук берди. 

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 9 талапкер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

— Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Саадабаева Чынара Муратбековна, Усакпаева Гүлзат Каныбековна;

— Чүй облусунун Москва райондук соту: Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

— Чүй облусунун Панфилов райондук соту: Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

— Чүй облусунун Сокулук райондук соту: Кулмурзаев Манасбек Каримович, Самаков Нурмат Талантбекович;

— Чүй облусунун Токмок шаардык соту: Абдырахманов Урматбек Аманович;

— Чүй облусунун Чүй райондук соту: Шаршеева Алтынай Чубаковна;

— Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту: Тажибаев Нурбек Рашидович.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>