Президентке кеңешчи болуп дайындалган Равшан Сабиров акталды

Президентке кеңешчи болуп дайындалган Равшан Сабиров акталды

Жогорку сот мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабировго карата чыгарылган бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелиндеги токтому менен жактоочунун Равшан Сабировдун кызыкчылыгы үчүн берген арызы жаңы ачылган жагдайлар боюнча прокурордун корутундусуна ылайык канааттандырылган.

Муну менен Равшан Сабировго карата Жогорку соттун 2013-жылы 23-майдагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылы 7-марттагы өкүмү жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы аппеляциялык соттук кароого жөнөтүлгөнү айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Равшанбек Сабиров  президент Садыр Жапаровго кеңешчиси болуп дайындалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>