Президенттин артынан өкмөт башчы жардамчы дайындады

Президенттин артынан өкмөт башчы жардамчы дайындады

Премьер-министр Улукбек Марипов коомдук башталыштагы кеңешчиликке Динара Русланды дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

30 жаштагы Динара Руслан CodifyLab Academy — Программалоо жана дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрайымы жана мүчөсү.

Белгилей кетсек, буга чейин Адинай Марипова Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>