Президенттин маалымат кызматы талкууга түшкөн видео боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин маалымат кызматы талкууга түшкөн видео боюнча түшүндүрмө берди

Президент Сооронбай Жээнбековдун 9-июлда элге жасаган карылуусунун видеосу YouTube каналынан өчүрүлүп, кайра жүктөлгөнү интернетте талкуу жаратты.

Интернет колдонуучулары жарыялап жаткан скрин сүрөттөн, Жээнбековдун кайрылуусуна 4 миң адам “жакпады” ал эми болгону 322 адам “жакты” деген белгини басканын көрүүгө болот.

Президенттин басма сөз кызматы видеонун өчүрүлүп кайра жүктөлүшүн сын-пикирлердин басымдуусу фейк аккаунттардан жазылгандыгы менен байланыштырган.

«Видеонун астына туура эмес мүнөздөгү комментарийлер, анын ичинде аймактар аралык бөлүп-жарууну козуткан, адамдын ар-намысына шек келтирген комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан, видеону өчүрүп салуу жана комментарий калтыруу функциясыз кайра жүктөө чечими кабыл алынды», — деген басма сөз кызматындагылар.

Президенттин кайрадан жарыяланган видеосуна “жакты” басуу жана комментарий калтыруу функциясы өчүрүлүп жүктөлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>