Президенттин жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайбы?

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайбы?

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жубайы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын бирин каржылап жатат деген кептер коомчулукта айтылып жаткан. Бул пикирлерге президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.

Ал Айгүл Жапарова партиялардын бирин каржылайт деген чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Социалдык түйүндөрдө президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайт имиш жана шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылууда деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Мамлекет башчысынын анын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча туруктуу позициясы тууралуу биз бир нече жолу белгилегенбиз. Президент өзүнүн жакын туугандарынын эч кимисине кайсыл бир саясий процесстерге аралашуусуна жана аларга таасир этүүсүнө жол бербей турганын дагы бир жолу белгилейм», — деди Эрбол Султанбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>