Прокурор: Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды кайтарууга чоң иштер жүрүүдө

Прокурор: Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды кайтарууга чоң иштер жүрүүдө

Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча прокуратура чоң иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү ар бир өлкөнүн өз эрки экенин, бирок прокуратуранын эл аралык бөлүмү тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат.

“Белорусь өлкөсү Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тартканы, өкүмдөрдүн аткарылышынан баш тартканы конверция менен чечилет экен. Буга байланыштуу өткөрүп берүү ар бир өлкөнүн өз эрки. Бирок прокуратура каражаттарды кайтаруу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө”, — дейт Зулушев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель айында Белорусь мамлкетине качып кеткен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>