Рафаэль Физиев Бишкектин тоосунан Кевин Лини беттешке чакырды — ВИДЕО

Рафаэль Физиев Бишкектин тоосунан Кевин Лини беттешке чакырды — ВИДЕО

Кыргыз мушкери  Рафаэль Физиев өзүнүн “Instagram”  баракчасы аркылуу америкалык мушкер Кевин Лини беттешке чакырды.

«Кевин Ли дайынсыз болууда. Сураныч, аны табууга жардам бериңиздер», — деген “Атаман”.

Рафаэль Физиев UFC уюмунун өз салмагында алдынкы 15 мушкердин катарына кирген жылдызы Кевин Лини 2020-жылдын соңунда да беттеш өткөрүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, UFC 256 Физиев бразилиялык Ренато Мойканону биринчи раундда нокаут менен жеңген. Ага чейин британиялык Марк Диакези менен 2020-жылдын июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Эки беттеши тең кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.

Кевин Ли өзүнүн акыркы беттешин өткөн жылдын март айында бразилиялык мушкер Чарльз Оливейрага каршы өткөрүп, жеңилүү ызаасын таткан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>