Рафаэль Физиев кайсы өлкөнүн атынан чыгаары белгилүү болду

Рафаэль Физиев кайсы өлкөнүн атынан чыгаары белгилүү болду

Мушкер Рафаэль Физиев Брэд Ридделл менен  4-декабрь күнү UFC турниринде кез келет. Ал өзүн Гондурас өлкөсүнүн атынан чыгаарын жар салды.

Ал буга чейин Кыргызстандын атынан беттештерге чыгып келген.

«Мен азыр Гондурас өлкөсүнүн атынан чыкканы жатам. Бирок, алардын желегин көтөрүп чыкпайм. Бул боюнча суроолорго токтолбой эле коёюн. Мен мени колдогон күйөрмандарымдын атынан чыкканы жатам.  Мен жанымда жүргөндөрдүн өкүлүмүн. Мени ээрчип жүргөн, мени көрүүгө кызыккан ММА күйөрмандарынын өкүлүмүн.  Желеги жок чыгуу менин беттешиме токсоол боло албайт. ” –деди спортчу «Ушатайка: Спорт-Экспресс» ютуб каналына берген маегинде.

Ал Рафаэль Физиев UFC  беттештерине Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн. Буга чейин ал Кыргызстан дин мусулмандары башкармалыгы тарабынан кысымдар болуп жатканын айтып, Кыргызстандын атынан беттештерге чыкпаарын, өлкөдөн кетээрин айтып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>