Райым Матраимовдун ишин судья Гүлзат Дыйканбаева карайт

Райым Матраимовдун ишин судья Гүлзат Дыйканбаева карайт

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунун кароосуна өткөрүлдү. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына соттон тастыктады.

Төрагалык кылуучу болуп Гүлзат Дыйканбаева дайындалды.

Сот отуруму 3-февралга белгиленген.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

24-декабрда Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын 2 миллиард сомун толугу менен төлөп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>