«Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» түзүлдү

 «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» түзүлдү

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук Фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган фондду түзүү максаты жана милдети болуп адамдык капиталды өнүктүрүү, региондордо ишканаларды түзүү, колдоо материалдык–техникалык базаны чыңдоо болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд Инк.» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды колдоону өзүнө алат.

Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>