Республикалык бюджеттен медиктерге компенсация үчүн кошумча 430 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен медиктерге компенсация үчүн кошумча 430 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогунда иштегендерге 2020-жылдын июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган чечим эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда   жугуштуу оорулардын козгогучтарын жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине байланышкан иштерди аткарган медициналык кызматкерлерге дем берүү максатында кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17-беренелерине ылайык ылайык, Финансы министрлигине белгиленген тартипте:

— Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом суммасында;

— Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна  400 млн сом суммасында каражат бөлүү тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>